ТИМ АКШдагы бороондо жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык тууралуу маалымат берди
- 1 месяц мурун
Америка Кошмо Штаттарында Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Б. каза болгондугу тууралуу ЖМКда жарыяланган маалыматка байланыштуу, тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.
“АКШнын Канзас штатында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу I-70 трассасында Гудленд жана Колби шаарларынын ортосунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2000-жылы туулган Кыргызстандын жараны Ш.Б. каза болгон. Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу маалымат түшкөн учурдан тартып жергиликтүү бийлик органдары, маркумдун жакындары менен туруктуу байланышта, ошондой эле сөөктү мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселелер иштелип чыгууда” деп айтылат маалыматта.
АКШда катуу шторм жана торнадонун кесепетинен 33 киши каза тапты. Бул тууралуу CNN кабарлады. Жаратылыш кырсыгы АКШнын алты штатында катталган, анын ичинде Канзаста 8, Миссисипиде 6 киши, Арканзас менен Техаста үчтөн киши, Оклахомада бир киши мерт болду.