АКШда шторм жана торнадодон 30дан ашык киши каза тапты  

  • 1 месяц мурун

АКШда катуу шторм  жана торнадонун кесепетинен 33 киши каза тапты. Бул тууралуу   CNN кабарлады.

Жаратылыш кырсыгы АКШнын алты штатында катталган, анын ичинде Канзаста 8, Миссисипиде 6 киши, Арканзас менен Техаста үчтөн киши, Оклахомада бир киши мерт болду.  

Жергиликтүү бийлик үйлөр кулап жана инфраструктура бузулганын билдирүүдө.  

АКШнын метеорологиялык кызматы дагы бир катар штаттарда, Алабама, Теннеси, Жоржия жана Флоридада торнадо күтүлөрүн эскертти.

Сүрөт: AP  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты