ТИМ: 90дон ашык кыргызстандыктын 20дан көбү Израилден чыгып кетүүнү көздөп жатат

  • 7 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын Израилдеги элчилигинин (резиденциясы Анкара шаарында) 2023-жылдын 11-октябры, саат 21.00ге карата маалыматы боюнча, Израилдин аймагында кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендигин билдирди.

Элчилик тарабынан Израилде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына телефон чалуу жүргүзүлүүдө жана тизме түзүлүүдө. Учурда тизмеде 90 ашуун адам бар, алардын ичинен 20дан көп жаран Израилдин аймагынан чыгып кетүүнү пландап жатат. Аларды аталган өлкөдөн сыртка алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иштелип жатат.

Элчилик буга чейин күнү-түнү иштеген «ишеним телефону» ачылганын жана Израилдеги Кыргызстандын жарандарына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча Ыкчам штаб түзүлгөнүн эскертет.

Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы элчилиги, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн Тель-Авивдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыш жумуштарын улантууда.

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Израилде жашаган кыргызстандыктардан коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону өтүнөт.

Ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү):

 +90 5456896800 (Элчиликтин номери),

+972 533214916 (Кыргыз Республикасынын Израилдеги ардактуу консулу).

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси өлкөдө согуштук абал жарыяланганын билдирди. Израилдин аскерлери ХАМАСтын жоочулары менен өлкөнүн түштүгүндө кармашып жатат

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты