Тик учактын кулашы: Аскер кызматкери каза болуп, сегиз киши жабыркады

  • 4 месяца мурун

Аскер тик учагынын кулашынын кесепетинен аскер кызматкери каза таап, сегиз киши жабыркады.

Бул тууралуу коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркагандардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, бирөөнүн абалы абдан оор.

Бул жагдайдын чоо- жайы иликтенип жаткандыгы белгиленди.  

Бүгүн, 17-январда, Бишкект Достук кичи районуна жакын жерде “Фрунзе-1” авиабазасында «Ми-8» аскердик тик учагы кулаганы маалымдалды. Маалыматта айтылгандай, окуу-машыгуу учурунда Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы авариялык түрдө катуу конууга мажбур болгон.

Сүрөттө: Кулаган МИ-8 аскер тик учагы. Борт номери 203. Фото АКИ-пресс.

 

 

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты