Тибетте жер титиреп, жүзгө жакын адам каза болду
- 1 месяц мурун
7-январда Кытайдын Тибет автономдуу районунун тоолуу аймагында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондор кеминде 95 кишиге жетти. “Би-Би-Си” радиосунун орус кызматы Кытайдын жалпыга маалымдоо каражаттарына шилтеме берип, дагы 130дай адам жаракат алганын жазды.
“Синьхуа” маалымат агенттиги жер титирөөнүн күчү очогунда 6,8 баллга жеткенин кабарлаган.
Жер титирөө болгон бийик тоолуу Тингри округунда 62 миңге жакын адам жашайт.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин курмандыктардын санын азайтуу үчүн жер титирөөдөн кийин урандылардын алдында калгандарды издөө-куткаруу иштерин тездетип, бардык аракеттерди көрүү буйругун берди. (BTo)
Сүрөт: Reuters
Муну бөлүшүү