Temirov Live: Айгүл Жапарова Кытайдан миллиарддаган сомдорду алганбы?

Temirov Live долбоорунун иликтөөчү журналисттери президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова жетектеген уюм Кытайдан алган жашырылган миллиарддары тууралуу иликтөө жарыялады.

Аталган материал  учредители Айгүл Жапарова болуп саналган “Эне-балага тирек” аттуу фонддун отчетун иликтөөсүнүн негизинде жаралган. Ага ылайык, 2022-жылы ал фонддун киреше булактары, каржылагандар тууралуу маалымат берилген:

Материалда айтылгандай, 2022-жылы Кытай элчилиги  ал уюмга грант түрүндө  9 млрд 112 млн 267 миң сом;  «Ас-Сафа»  борбору гуманитардык жардам түрүндө  1 млрд 315 млн 250 миң сом бергендиги айтылат. Ошондой эле түркиялык врач Чакмат Мемет 653 млн 610 миң сом жеке жардам катары бергендиги да белгиленет.   

Ал эми коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамга сунушталып жаткан долбоорго ылайык, Айгүл Жапарованын уюму чет элдик тыңчы статусун алып калышы ыктымал экендиги айтылат.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы Темиров-лайф долбоорунун журналисттеринин материалдарына азырынча үн ката элек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер социалдык тармагында аталган иликтөө апыртылган экенин, болгону отчетто техникалык ката кетип калганын жазып чыкты.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты