Айгүл Жапарованын фонду Temirov Live иликтөөсүн комментарийледи

  • 7 месяцев мурун

Айгүл Жапарованын «Эне — балага тирек» коомдук фонду Темиров-лайф долбоорунун иликтөөсүн комментарийледи.

Комментарийде мындай деп айтылат: “Эне – балага тирек” коомдук фондунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу айрым ЖМКларда тараган маалыматтарга карата төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Аталган фондго, бул маалыматтарда белгиленгендей, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги 9 млрд сом которгон деген маалымат туура эмес.

Кытай элчилиги фонд менен биргеликте Баткен облусундагы социалдык долбоорлор, кондитердик жана тигүү цехтерин ачуу, мектептер үчүн заманбап, интерактивдүү такталарды сатып алууга 9 112 267 сомдук жардам көрсөткөн.

Ал эми Чакмак Мемет аттуу жаран тарабынан 563 610 сом, “Ас-Сафа” фонду 1 315 250 сомдук материалдык жардам, тактап айтканда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн коляскаларды берген.

Андыктан, айрым маалымат ресурстарында тарап жаткан миллиарддык акча каражаттары тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын маалымдайбыз.

Иликтөө даярдагандар экинчи тараптын пикирин эске алып, тактоо кылган эмес. Биз, кызыккан массалык маалымат каражаттарына бул цифралар тууралуу маалыматты көрсөтүп, түшүндүрмө бергенге даярбыз» деп айтылат комментарийде.

Temirov Live долбоорунун иликтөөчү журналисттери президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова жетектеген уюмдун Кытайдан алган жашырылган миллиарддары тууралуу иликтөө жарыялады.

Аталган материал  учредители Айгүл Жапарова болуп саналган “Эне-балага тирек” аттуу фонддун отчетун иликтөөсүнүн негизинде жаралган. Ага ылайык, 2022-жылы ал фонддун киреше булактары, каржылагандар тууралуу маалымат берилген:

Иликтөөдө 2022-жылы Кытай элчилиги  ал уюмга грант түрүндө  9 млрд 112 млн 267 миң сом;  “Ас-Сафа”  борбору гуманитардык жардам түрүндө  1 млрд 315 млн 250 миң сом бергендиги айтылат. Ошондой эле түркиялык врач Чакмат Мемет 653 млн 610 миң сом жеке жардам катары бергендиги да белгиленет.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты