Темирлан Султанбековго “Социнтерндин” сыйлыгы тапшырылып, саясий туткун деп жарыяланды

  • 2 года мурун

“Социнтерн” эл аралык бирикмеси Темирлан Султанбековго социалдык адилеттүүлүккө болгон берилгендиги үчүн сыйлык тапшырып, аны саясий туткун деп жарыялады.

Социалисттик Интернационалдын Кеңеши Марокко өлкөсүнүн борбору Рабат шаарында болуп өттү. Ага дүйнөнүн ар кыл жерлеринен жүзгө жакын саясий партиялардын өкүлдөрү катышты.

Сыйлыкты Темирлан Султанбековдун атынан анын карындашы Каныкей Султанбекова алып, демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшкө колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бул сыйлык чындыкты жапканга болбосун эскертип турат. Ал бизди адилеттүүлүккө жетүү жолунда алдыга карай кадам таштоого шыктандырат, бул жол кыйын болбой койбойт. Менин агамдын жана бүткүл үй-бүлөмдүн атынан бул сыйлык үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Бул бизге жакшы келечек үчүн күрөш уланып жатканын жана ар бирибиз дүйнөнү адилеттүү кылуу үчүн бир нерсе кыла алаарыбызды эскертип турсун,” — деди Каныкей Султанбекова.

Эске сала кетсек, 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.


“Социнтерн” — бул дүйнөдөгү социал-демократиялык багыттагы партиялардын эл аралык уюму. 2022-жылдын 29-ноябрында Темирлан Султанбеков уюмдун вице-президенти болуп шайланган.

Сүрөт: Темирлан Султанбековдун баракчасынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты