Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев жана башкалардын соту жылдырылды
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 14-июлда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Социалд-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, лидерлердин дагы бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана башкалардын иши боюнча сот отуруму жабык өттү. Сот 28-июлга жылдырылды.
Сот башталар алдында Темирлан Султанбеков журналисттерге алардын кылмыш ишинин тергөөсү 8 айга созулуп, 62 тергөөчү иштегенин билдирди:
Мына, өзүңөр салыштырып көргүлө: Ташиевдердин ишин эки ай тергеп, соту бир ай болду. Биздики 8 ай 62 тергөөчү тергеди, 8 айда 62 тергөөчү тергеген кандай иштер болушу керек эле? Сотто биздин күнөөбүздү ачык далилдеп беришсин, биз эчтекеден качпайбыз,-деди Темирлан Султанбеков.
Кадыр Атамбаев аларды абакта барымтага эле кармап турганын айтты:
Бизди кара күч менен эле барымтага кармап турушат, бул жөн эле кыйноо,- деди Кадыр Атамбаев.
Сот иши жабык каралып, отурум 28-июлга жылдырылды.
Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков Ички иштер министрлиги оперативдүү тартылган деп көрсөткөн, өзүнүн сүйлөгөн сөзү бар видео монтаждалган экенин билдирип, анын эки сааттык толук версиясын көрсөтүүнү суранган.
Буга чейин Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган жаран Темирлан Султанбеков массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана Султанбеков кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видео тасманы тараткан. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрь түнү билдирди.
Кармалгандардын арасында Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кийинчерээк Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылган. Жакынжа Дамир Мусакеев да эч жакка кетпөө кепилдиги менен абактан бошотулду.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаев. 14-июль 2026-жыл RFE/RL




