Темир жол жана социалдык багыттагы имараттар мамлекетке кайтарылды

  • 10 месяцев мурун

“Кызыл-Кыя көмүр” акционердик коому тарабынан мамлекеттик менчиктеги объекттерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. 

Маалыматка ылайык, 2004-жылы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын чечими менен жалпы аянты 10 860 га болгон темир жол тилкеси (курулмалары жана техникалары менен), 1,3 гектар аянттагы бала бакчанын имараты жана Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан 937,2 м² балдар лагери мыйзамсыз түрдө акционердик коомдун карамагына өткөрүлгөн.

УКМКнын маалыматы боюнча, бул объекттер мыйзам бузуу менен мамлекеттик менчиктен чыгарылган. Көрүлгөн ыкчам чаралардын негизинде алар кайрадан мамлекеттин карамагына кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты