“Коргоого эмес, колдонууга муктаж болуп турган чагы”. Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоо

Бүгүн, 23-сентябрда, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Улутубуздун руханий өзөгү, ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас – кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна быйыл 37 жыл толду. Бул күн – элибиздин улуттук аң-сезимин, тарыхый эс тутумун жана руханий мурастарын сактап келген кыргыз тилинин мамлекеттик макамын даңазалаган маанилүү дата.

«Тил – ата-бабалардан калган ыйык мурас, улуттук биримдиктин жана мамлекеттүүлүктүн негизги баалуулугу. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары бекемделип, коомдук турмуштун ар кыл чөйрөлөрүндө колдонулуп келе жаткандыгы биздин ири етишкендиктерибиздин бири. Аны сактоо, кадырлоо жана заман талабына ылайык өнүктүрүү – азыркы учурдун тарыхый жоопкерчилиги” деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле эне тилибизди заман талабына ылайык өнүктүрүп, илим-билимдин, мамлекеттик башкаруунун жана жаңы технологиялардын тилине айландыруу зарылдыгы белгиленди.

-Бүгүнкү күндө тил саясатынын маанилүү багыттарынын бири – кыргыз тилин санариптик мейкиндикте өнүктүрүү. Жаңы технологиялардын кеңири жайылышы мамлекеттик тилибизди заманбап коммуникациялардын, билим берүүнүн жана интеллектуалдык өнүгүүнүн натыйжалуу куралына айландыруу, ошондой эле илимий жана технологиялык ресурсу катары пайдалануу болуп саналат.

Бул багытта кыргыз тилин үйрөнүүгө жана колдонууга багытталган электрондук платформалар, аудио-видеоматериалдар жана тармактык сөздүктөр иштелип чыгып, түрдүү платформалар ишке киргизилип, кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Чындыгында эле, кыргыз тили коргоого эмес, колдонууга муктаж болуп турган чагы. Андыктан баарыңыздарды Айкөл Манас атабыздын тилин таза сактоого, сабаттуу колдонууга жана өнүктүрүүгө өз салымыңыздарды кошууга чакырам.

Кыргыз тили – улуттун үнү, мамлекеттин өзөгү жана келечек муунга калтыра турган эң улуу мурасыбыз, -деди куттуктоодо мамлекеттик катчы.

Кыргызстанда 23-сентябрь -мамлекеттик тил күнү, кыргыз тили катары белгиленип келет. Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 37 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты