Telegram’дын негиздөөчүсү теракт жасоо боюнча 10 миңдеген билдирүү бөгөттөлгөнүн айтты

  • 1 месяц мурун

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров бир нече күндүн ичинде «теракт кылуу боюнча 10 миңдеген чакырык жасоо аракетине» бөгөт коюлганын билдирди.

Анын айтымында, буга байланыштуу миңдеген колдонуучу бөгөттөлдү.

«Төрт күн мурда Telegram’дын орус тилдүү колдонуучулары чоочун кишилерден терактка чакырган билдирүүлөр келип жатканына даттана башташкан. Биз бир сааттын ичинде бир катар техникалык чараларды көрүп, мындай активдүүлүктү токтоттук» деди Дуров.

Ал кийинки аптадан тарта Орусия, Украина жана Беларустагы колдонуучулар жеке билдирүү жөнөтө ала турган адамдардын чөйрөсүн чектөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун кошумчалады.

Буга чейин Орусиянын басылмалары «Крокус Сити Холлдогу» кол салуудан кийин орусиялыктар теракт жасоо боюнча көптөгөн сунуштарды ала баштаганын кабарлашкан. «База» басылмасы мындай билдирүүлөр 18 жашка чыга элек колдонуучуларга да келип жатканын жазган. Мамлекеттик ЖМКлар «Крокус Ситидеги» терактка шектелгендер бул ишке телеграм-канал аркылуу азгырылганын маалымдашкан.

28-мартта Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мессенжерлер «барган сайын террористтердин куралына айланып баратканын» билдирген. «Биз Павел Дуров буга көбүрөөк көңүл бурса деп күтөбүз» деген ал.

Марттын башында Павел Дуров акыркы жети жылдан бери алгачкы жолу журналисттерге интервью берген. Анда ал Telegram биржага чыкканын билдирип, мессенжер 30 миллиард долларга бааланып жатканын айткан. Бир нече күндөн кийин ал компания баалуу кагаздарды чыгарып, 330 миллион доллар тапканын билдирген. Анын айтымында, аларды «репутациясы жакшы жогорку деңгээлдеги глобалдык фонддор» сатып алган.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган. Имараттагы 6 миңден ашык адамдын кеминде 143ү каза тапты. Бул окуяга «Ислам мамлекети» террордук уюмунун ооган канаты катышканын жарыялады.

Тергөө комитети кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган. 22-марттагы окуядан кийин Орусияда терроризм боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө комитети буга чейин 12 шектүү кармалганын билдирген. Алардын сегизи камакка алынганы белгилүү.

Сүрөттө: Павел Дуров. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты