Павел Дуров Франциядан Дубайга кайтканын билдирди

  • 1 месяц мурун

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Франциянын бийлигинин уруксаты менен Дубайга кеткенин өзүнүн телеграм-каналында билдирди.

“Telegram кылмышкерлеринин ишкердигине байланыштуу иликтөөлөрдөн улам, бир нече ай Францияда болгонумдан кийин Дубайга кайтып келгенимди, балким уксаңыздар керек. Иликтөө улантылып жатат, бирок үйүңө кайтып келүү кандай сонун” деп жазды Дуров.  

Ал тергөө сотторуна өзүнө үйүнө кайтууга уруксат бергендиги үчүн ыраазылыгын билдирди.  

Ошондой эле Павел Дуров адвокаттарга жана өзүнүн командасына Telegram көп жылдар бою укук милдеттенмелерине төп келген контент жаратканын демонстрациялоого күч-аракет жумшаганы үчүн да ыраазылыгын айтты.   

AFP маалыматы боюнча, Павел Дуров Франциядан 15-мартта кеткен.

Дуров Париждин четиндеги «Ле-Бурже» аэропортунда 24-августта Азербайжандан жеке учагы менен келгенде кармалган. 

Франциянын соту Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуровду 5 млн евро күрөө менен бошотуп, анын ишин расмий иликтөөнү баштады. Бул тууралуу BBC басылмасы Reuters басылмасына таянып жазып чыкты. Сот Павел Дуровду Франциядан чыкпоо тил каты менен 28-августтун кечинде камактан бошоткон.

2024-жылы 24-августтун кечинде француз телеканалдары TF1 LCI жана BFM TV Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү, миллиардер Павел Дуров Азербайжандан бизнес-жет менен учуп келген учурда кармалганын кабарлаган. TF1 укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Дуров мессенжердин негиздөөчүсү катары маңзат аткезчилигине, балдарга каршы кылмыштарга жана алдамчылыкка салым кошууга шек саналып жаткан болушу ыктымалдыгын жазган.

Сүрөттө: Павел Дуров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты