Президент Индиядагы теракттан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Пахалгам шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Пахалгам шаарындагы террордук акттын кесепетинен көптөгөн күнөөсүз адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул кылмыш эч кандай актоого жатпайт жана анын уюштуруучулары менен аткаруучулары тиешелүү жазага тартылышы керек деп эсептейбиз. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгыларын тең бөлүшүп,көңүл айтам, жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм» деп айтылат телеграммада.

22-апрелде Индиянын Пахалгам шаарындагы терактта кеминде 28 киши каза болуп, 30дай киши жаракат алган.

Сүрөт: Hindustan Times

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты