Тель-Авивдеги башаламандыкта 160тан ашык киши жабыркады

  • 8 месяцев мурун

3-сентябрга караган түнү Тель-Авив шаарында Эритреянын жарандары катышкан башаламандыкта 160тан ашык киши жаракат алды. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, жабыркагандардын 50гө жакынын тартип орнотууга аракет кылган полиция кызматкерлери түзөт.

2-сентябрда бир катар өлкөлөрдө Эритрея маданиятынын фестивалы уюштурулган. Бул күнү Тель-Авив шаарында саясий башпаанек сураган эритреялык качкындар топтолуп, өз өлкөсүнүн бийлигинин саясатына каршылыгын билдирип чыгышкан. Эритреянын Израилдеги элчилигинин алдына барганда алар өлкө бийлигин колдогон мекендештери менен чырдашып, башаламанлык тутанып кеткен.

Урушкан тараптар бири-бирине таш ыргытып, тегеректеги имараттардын айнектерин талкалап, таштанды салынган челектерди өрттөшкөн. Полиция аларга каршы союл жана кулак тундуруучу граната колдонуп, 39 адамды камакка алды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху коопсуздук кызматтары менен чукул жыйын өткөрүп, башаламандык уюштургандарга катуу чара көрүлүп, алар өлкөдөн чыгарыларын билдирди.

Африканын чыгышындагы калкынын саны 4 миллионду түзгөн Эритреяда элдин 70% жакырчылыкта жашайт.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты