Текебаев менен Байсаловдун ортосундагы кайым айтышуу уланууда

  • 3 года мурун

Кечээ, 17-октябрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Фейсбук” баракчасы аркылуу Министрлер кабинетинин төрагасанын орун басары Эдил Байсаловго билдирүү жолдоду. Анда ал Байсаловдун “Убагында катарыңарда көп адам жүрдү эле, азыр алар каякта?” деген суроосуна жооп берген.

“Убагында “Ата Мекенге” жүз миңдеген адамдар келип кеткен. “Ата Мекен” — турмуштун мектеби. Тигил же бул тарыхый кырдаалда өлкөнүн тагдырына кайдыгер эмес адамдар биз менен бирге болушкан. Бирок азыр алар турмуш шартына байланыштуу саясаттан четтеп, өз тиричилиги менен алек. Кайда болбосун, биз аларга ыраазыбыз. Анткени алар кайсы бир убакта кайдыгер болбостон, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн убактысын, эмгегин аяшкан эмес. 

“Ата Мекен” — бул саясатчылардын фабрикасы. Кыргызстандагы мен-мен деген саясатчылар кайсы бир убакта “Ата Мекенден” тарбия алып чыккан”, — деген ал билдирүүсүндө. 

Мындан тышкары ал бир убактарда Эдил Байсаловдун өзү дагы “Ата Мекендин” катарында болгонун эске салып, убагында алардын катарында болуп, шартка байланыштуу башка тарапка кеткен же өз тиричилиги менен алек болгон адамдарды айыптабоого чакырган.

“Бул алардын тандоосу, биз аны сыйлайбыз”

Эдил Байсалов Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө ошол эле күнү “Фейсбук” баракчасы аркылуу жооп кайтарган. Анда ал Кыргызстан азыр “Текебаевдин доорунда” жашап жатканын, азыркы бийлик ошол доорду алмаштыруунун үстүндө иштеп атканын айткан. 

“Мен “биз Текебаевдин доорунда” жашап жатабыз деп айткам. Бул куттуктоо дагы, ошол эле маалда сыноо дагы. Анткени мына азыр сиздин дооруңуздун жыйынтыгын көрүп турабыз. Кандай жашап жатабыз? Жаштарыбыз каякта тентип жүрүшөт? Завод-фабрикалар, айыл чарбасы, балдардын билим деңгээлин, саламаттыкты сактоо тармагынын сапатын көрүп жатабыз. Жаштар кетип жатышат…(Булар — ред.) Текебаевдин доору… Текебаевдин жыйынтыгы. 

Туура, убагында жүз миңдеген кыргызстандыктар сизге ишенген. 2010-жылы жетимиштен ашык кырчындай жигит сизге ишенип өмүрүн берген. Бийликтин бардыгы сиздин колуңузга тийген. Анан эмне болду? Көрдүк го, партиялык коррупциянын бардыгы мына сизден башталды”.

Байсалов мындан тышкары билдирүүсүндө азыркы бийлик учурдагы доорду алмаштыруу үчүн иштеп жатканын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 13-октябрда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жаңы дайындалган Эдил Байсалов мындан ары өкмөт мурдагыдай парламентке көз каранды жагдайда иштебей турганын айткан. Анын бул сөзүн коноктордун бири Өмүрбек Текебаев текеберчилик катары баалап, сындаган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты