Тажикстандын ТИМ башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келет
- 12 месяцев мурун
Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Бул сапар КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча ишке ашууда.
Расмий визиттин алкагында эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин жетекчилери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Жолугушууда кыргыз-тажик кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланат. Сапардын жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишүү күтүлүүдө.
Муну бөлүшүү




