Тажикстандын агрессиясы учурунда калкты колдоо үчүн 54 миллион сомдон ашык каражат топтолду

  • 2 года мурун

Тажикстандын агрессиясы учурунда калкты колдоо үчүн 54 817 903,29 сом каражат топтолду. Бул Финансы министрлигинин саат 15:00гө карата маалыматы.

Каражат кыргыз жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан чогултулду. 

Атайын эсеп Баткен облусунун элине колдоо көрсөтүү максатында ачылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 19-сентябрь саат 9:00гө карата жаракат алып, саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны-163 адам.   Каза болгондордун жалпы саны — 59 адам. Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.  Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган. Кыргызстан чек арада болгон окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп атады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты