Тажикстандын агрессиясы учурунда калкты колдоо үчүн 26 миллион сомдон ашык каражат чогулду

  • 2 года мурун

Тажикстандын агрессиясы учурунда калкты колдоо үчүн 26 миллион 72 миң 750 сом каражат чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Финансы министринин орун басары Улан Даникеев бардык акча каражаттар өз максатына жумшала турганын билдирди.

«Атайын эсепке түшкөн бардык каражаттар Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын жайгашкан айылдарын жана райондорун калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларга жумшалат», — деди ал.

Анын айтымында, негизги максаттар жана милдеттер президенттин Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө жарлыгы менен аныкталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 19-сентябрь саат 9:00гө карата жаракат алып, саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны-163 адам.   Каза болгондордун жалпы саны — 59 адам.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Кыргызстан чек арада болгон окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп атады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты