Тажикстанда улуттук маданиятка жат кийимдерди саткандарга жана кийгендерге айып салынат

  • 2 месяца мурун

Тажикстанда “улуттук маданиятка туура келбеген кийимдерди сатуу” жана коомдук жайларда мындай кийимдерди кийүү үчүн 8 миңден 65 миң сомониге чейин айып пул салынат.

Тиешелүү ченемдер “Салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясында жана административдик кодексте каралган. Долбоорлорду тажик парламенти ушул жылдын 8-майында кабыл алган.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Мавлудахон Мирзозода “Салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Тажикстан тургундары эми улуттук маданиятты сактоого жана улуттук кийимдерди кийүүгө милдеттүү экенин билдирди.

Мыйзам өлкө президенти кол койгондон кийин күчүнө кирет, Ошол эле учурда документте тажиктердин улуттук маданиятына кандай кийимдер жат деп эсептелери көрсөтүлгөн эмес.

Тажикстан бийлиги көп жылдардан бери улуттук кийимдерди кийүүнү жайылтуу аракетинде.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты