Тажикстанда селден 13 киши каза болду

  • 8 месяцев мурун

Тажикстанда нөшөрлөгөн жаандан жана селден 13 киши каза болду. Табигый кырсыктан Вахдат шаарында 11, Рудаки районунда 2 киши каза тапканын «Ховар» улуттук маалымат агенттиги билдирди.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты. Рахмон өлкөнүн премьер-министрине өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетине, башка тиешелүү түзүмдөр менен органдарга табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү тапшырды.

Душанбе шаарында кечээки нөшөрлөгөн жаандан улам электр жарыгы бир нече саатка үзгүлтүккө учурады.

Катуу жааган жамгыр, жер көчкү жана таш кулоодон улам Душанбе менен Хоженттин ортосундагы IRS компаниясы тейлеген жол зыянга учурады.

«Озоди» радиосунун айрым окурмандары селдин кесепетинен үйлөр жана айыл чарба жерлери жабыркаганын далилдеген видеолорду жөнөтүшүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты