Тажикстан Кытайдын телекоммуникация түйүнүнө кошулуу планын жарыялады

  • 6 месяцев мурун

Дүйшөмбү Кытайдын телекоммуникация түйүндөрүнө кошулуу чечимин тоолуу өлкөдө интернет менен камсыздоону жакшыртуу максатында кабыл алганы кабарланды. Акыркы жылдары жалпы эле Борбор Азияда Бээжиндин таасири күчөп баратат.

Коңшу өлкөдө дүйнөлүк маалымат желеси эң солгун тараган. Трафик мамлекеттик монополист аркылуу борбордон өтөт. Мамлекеттик «Ховар» агенттиги кабарлагандай, долбоор баш калаа Дүйшөмбүнү Кытай менен чек арада турган шаарды байланыштырган автомагистрал долбоору менен катар ишке ашат.

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, 2017-жылы Тажикстандын калкынын 22% гана интернет колдонгон. Мунун себеби деп тоолуу жакыр өлкөдө байланыш тарифинин өтө кымбат экендиги көрсөтүлгөн.

Ошондой эле коңшу өлкөдө жарандардын интернет автивдүүлүгү катуу көзөмөлдө. «Чек арасыз кабарчылар» уюму негизги жаңылыктар сайттары жана социалдык платформалар дээрлик дайыма бөгөттөлөрүн билдирген.

Кытай онлайн-цензураны ишке ашырган кубаттуу мүмкүнчүлүккө ээ. Бээжин Батыштын маалымат агенттиктерин жана социалдык платормаларын бөгөттөйт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты