Тажик абактарындагы 11 кыргызстандык мекенине кайтарылды

  • 2 года мурун

Тажикстандын абактарында кармалып турган 11 кыргыз жараны Кыргызстанга кайтарылды.

Бул маалыматты Коженттеги абакта кармалып турган Айдарбек Хайдаров «Азаттыкка» ырастады.

Ал өзү менен кошо тажик абактарында кармалып турган дагы 10 кыргыз жараны 7-июлда Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөнүн билдирди.

Укук коргоо органдарынын талабынан улам ашыкча маалымат бере албасын түшүндүрдү.

Анын атасы Умарбай Хайдаров «Азаттыкка» абактан бошотулгандардын абалы жакшы экенин айтты:

«Баткендин Кызыл-Бел чек ара бекетинен чыгып келди. Ден соолугу жакшы. Он бир кишини чыгарып келишти. Укук коргоо органдары өзүбүз алып келебиз дегендиктен, биз барган жокпуз».

Умарбай Хайдаровдун маалыматына караганда, кайтарылган алты жаран Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы милициянын жергиликтүү пунктуна жеткирилген, төртөө Бишкекке жөнөтүлгөн.

Бошотулгандар ар кайсы мезгилде чек арадан мыйзамсыз өттү деген негизде Тажикстанда кармалган.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты