Татарстандын Альметевск районундагы жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза тапты

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдукка Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Татарстан боюнча башкы башкармалыгынан 2026-жылдын 15-мартында Альметьевск районунда Набережные Челны — Альметьевск автожолунун 81-чакырымында КамАЗ жүк ташуучу унаасы менен Kia Carnival жеңил унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандары, айдоочу, К.А.К., 1986-жылы туулган жана жүргүнчү Ш.А.Р., 1987-жылы туулган окуя болгон жерде каза болушкан. Маркумдардын сөөгү Алметьевск шаарындагы моргго жеткирилген.

Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып, каза болгондордун туугандары аныкталууда.

Маселе башкы консулдуктун көзөмөлүндө турганы айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты