Ташкентте Палестинаны колдоо митингинин үч катышуучусу 15 суткага камалды

  • 6 месяцев мурун

29-октябрда Ташкентте Палестинаны колдоо боюнча мыйзамсыз өткөн митингге катышкан кеминде үч киши 15 суткага камакка алынды.

Бул тууралуу «Газета.uz» басылмасы шаардын Шайхантахур райондук сотунун чечимине шилтеме кылып кабарлады.

Соттун 30-октябрдагы чечимине ылайык, Ташкент облусунун 22 жаштагы эки тургуну жана Кашкадарыя облусунун 26 жаштагы бир жашоочусу жоопкерчиликке тартылды. Үчөө тең Административдик кодекстин «Укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына бай ийбөө», «Ички иштер органдарынын кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу» жана «Митингдерди, жыйындарды, демонстарцияларды өткөрүү эрежесин бузуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Буга чейин 29-октябрда Палестинаны колдоо акциясын өткөрүү үчүн Ташкенттеги Амир Темур аянтына чогулган 100гө жакын киши кармалганы кабарланган. Укук коргоо органдары кармалгандарды ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирип, маектешүүдөн кийин көбү үйлөрүнө кое берилген.

Андан бир нече күн мурда социалдык түйүндөрдө жарандарды Палестинаны колдоо акциясына чыгууга үндөгөн чакырыктар тараган. Ага Ташкент шаарынын гана эмес, коңшу облустардын тургундары да катышканы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты