Таш-Көмүр шаарында ипотекалык турак-жай пайдаланууга берилди
- 7 месяцев мурун
Таш-Көмүр шаарында алгачкы ипотекалык турак-жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.
Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Жаңы үй Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма кичи районунда жайгашкан, жалпы аянты 1, 28 гектерды түзөт.
Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев Таш-Көмүр шаарынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, буга чейин 100 миллион сом каражат бөлүнгөнүн айтты.
Жаңы комплексте төрт кабаттуу эки үй, 96 батир, балдар ойноочу жайлар, спорттук оюн аянтчалары жана эки кабаттуу коммерциялык имарат бар.
Муну бөлүшүү




