Таш-Көмүр шаарында 3 кг баңгизат сатуу аракети үчүн жергиликтүү жаран кармалды

  • 1 год мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы тарабынан атайын операциянын жүрүшүндө өлкө аймагына баңги каражаттарынын оор түрлөрүн жеткирүү каналын уюштурган трансулуттук баңги тобунун ишине бөгөт коюлду.

Таш-Көмүр шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө гашиш баңгизаттарын сатууга аракет кылган учурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашаган 1955-ж.т. А.К. аттуу жаран кармалды.

Алынган заттын таңгакталган түрүндө салмагы 2 кг 935 гр түзгөн.

Кармалган жаран 2009-жылы Өзбекстан укук коргоо органдары тарабынан баңгизаттга байланышкан кылмыш жасагандыгы үчүн камалып, 2017-жылы бошотулган. Мындан тышкары, ал күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери болуп иштеп кеткен.

Мындан аркы аркы издөө иш-чараларын жүргүзүүдө баңги тобунун башка мүчөлөрү аныкталган. Алардын бири Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашаган жаран А.С. аныкталып, кармалган.

Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты