Тарыхка айланган көз ирмемдер. Александр Крестинин менен (Видео)    

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткенден кийин кайрылуу жасады. Кайрылуу Кыргызстандын футбол союзу жарыялады.

«Мага келечекке жол ачкан Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу болгонума кубанычтамын жана сыймыктанам. Оюндарын мындан ары да дайыма көрөм. Менин жүрөгүмдө биздин биргелешкен ишибиз өзгөчө орунда турат. Алга, Кыргызстан!

Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучулар штабына көп жылдар бою чогуу иштегенибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз абдан узак жолду басып өттүк, ал аяктады. Биздин иш учурунда көп нерселер болду. Стадионубузду толтурган күйөрмандарга терең ыраазычылык билдиргим келет. Көптөгөн абдан жакшы көз ирмемдерди баштан өткөрдүк, ар дайым бирге болдук. Биздин күйөрмандар эң мыкты. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун орду өзгөчө. Ошондой эле Кыргызстандын футбол союзуна, бардык кызматкерлерге биргелешкен ишибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет» деп айтылат кайрылууда.

Александр Сергеевич Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынан башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Ал курама команданы 2014-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келген. Анын машыктыруусу алдында футбол боюнча улуттук команда бир кыйла жетишкендиктерге жетишкен. Анын жетектөөсүндөгү курама команданын биринчи жеңиши 2014-жылдын 13-декабрындагы Кытай командасы менен жолдоштук беттешүүдөн башталган. Кыргызстандын курама командасы 2014-жылы дүйнөлүк рейтингдеги 150-орундан 75-орунга көтөрүлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты