Тарых музейинде “кара июль” күндөрүнүн курмандыктарына арналган көргөзмө өтөт

  • 2 года мурун

Улуттук тарых музейинде “Кара июль» курмандыктарына жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмөсү 11-13-январда өтөт.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.

“Биз ошол кыйын мезгилде жардам көрсөткөн, кайдыгер эмес бардык жарандарыбызга дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, каза болгондорду эскергибиз келет” деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле бул окуялардын кайталанышына жол бербеш үчүн коопсуздук чараларынын маанилүүлүгүн эске салуу керектигин белгилешти.

Пандемия башталгандан бери 2021-жылдын 8-январына карата коронавирустан 2816 бейтап каза тапты. Вирусту жуктургандардын жалпы саны 185 667 адамга жетти.

2020-жылдын июлу Кыргызстанда жүздөгөн өмүрлөрдү алып кетти. Тармактар аралык комиссия бул учурдун бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныктаган.

Көргөзмө улуттук тарых музейинин 2-кабатында өтөт. Убактысы:

10.00-16.00

11,12,13-январь

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты