Танзанияда учак кырсыгынан 19 киши каза тапткан айтылууда

  • 1 год мурун

Tanzania Business Insight басылмасы кабарлагандай, өлкөнүн борбор калаасы Дар-эс-Саламдан Букоба шаарына учуп бараткан жергиликтүү Precision Air авиакомпаниясынын лайнери Виктория көлүнө  кулады.

Кырсыктын себеби азырынча аныктала элек. Баштапкы маалыматтарга караганда, экипаж начар аба ырайынан улам башкарууну жоготуп алганы кабарланууда.

Учактын бортунда экипаж мүчөлөрүн кошкондо 53 киши болгон. Ушул тапта Танзания бийлиги издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. 26 жүргүнчү аман калганы айтылууда.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты