Таластагы үч адамдын өмүрү кыйылган окуя: Шектүү эски таарынычынан улам өч алууну көздөгөн

  • 2 месяца мурун

2024-жылдын 23-май түнү Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында үч адамды мыкаачылык менен өлтүрүү фактысы катталган. Иниси К.М. талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган. Ошол учурдан пайдаланып жана өч алууну көздөп барган К.Н. инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тарапка изин жашырып качып кеткен.

Шектүү жаран, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1976-жылы туулган К.Н., экендиги аныкталган.

Окуянын жагдайлары төмөнкүдөй болгондугун Ички иштер министрлиги билдирди:

Өз убагында бир туугандар К.Н. жана К.М. ортосунда мүлк талашып, чыр болгон.  Бул чырдын натыйжасында, 2018-жылы шектүү К.Н. өз иниси К.М.ге бычак менен кол салып, өлтүрүүгө аракет жасаган, бирок, ишке ашпай калган.

Бул факт боюнча, ошол жылдын март айында, 1976-жылы туулган К.Н., Кара-Буура райондук сотунун чечими менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган.

2023-жылдын март айында К.Н. Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыккан. Пробациялык көзөмөл Юстиция министриигинин пробация департаментинин Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктын Кара-Буура жана Манас райондору боюнча пробация органдарына жүктөлгөн.

2024-жылдын 23-май түнү Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында үч адамды мыкаачылык менен өлтүрүү фактысы катталган. 2024-жылдын 23-май күнү саат болжол менен 23:00 чамасында 1976-жылы туулган К.Н. эски таарынычын эстеп, өч алууну көздөп, инисинин үйүнө барган. 

Иниси К.М. талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган. Ошол учурдан пайдаланып жана өч алууну көздөп барган К.Н. инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тарапка изин жашырып качып кеткен.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында зөөкүрлүк менен үч адамды өлтүргөн К.Н. кармоо учурунда жок кылынган.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты