Талас облусунда бир үйдөн үч кишини өлтүрүп кетишкен   

  • 2 месяца мурун

24-май күнү саат 00.37 чамасында 102 кызматына телефон аркылуу, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында адам өлтүрүлдү деген маалымат түшкөн. 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, тезинен окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыккан. Анда 1997-жылы туулган М.Ж. аттуу апасы жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн сөөгү табылган.         

Бул окуя Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси, адам өлтүрүү, менен катталып, кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары, буга чейин соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1976-жылы туулган К.Н. изделип жатат.

Үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил  катары алынган.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.       

Учурда,  Талас ОИИБдин жана Айтматов райондук ИИБ кызматкерлери жеринде шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. 

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты