ИИМ: Үч адамды өлтүрүүгө шектүү кармоо учурунда жок кылынды

  • 2 месяца мурун

24-май түнү Талас облусунун Айтматов районундагы айылдардын бириндеги үйдөн үч кишинин сөөгү табылган. Бул кылмышка шектүүнү кармоо учурунда, шектүү жок кылынды.

ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу келгенде каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык экени аныкталган, 26 жаштагы аял жана анын эки жана төрт жаштагы балдары.

Текшерүүнүн жүрүшүндө киши өлтүрүү тастыкталган, денелеринде көптөгөн жараттар бар экендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү аныкталып, ал мурда адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.Н. экендиги такталган. 

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталган, ал тоо аркылуу качып кетүүгө аракет кылган.  Тоодо кармоо учурунда шектүү 1976-жылы туулган К.Н. жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 1997-жылы туулган М.Ж. аттуу апасы жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн сөөгү табылгандыгы буга чейин маалымдалган.         

Бул окуя Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси, адам өлтүрүү, менен катталып, кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары, буга чейин соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1976-жылы туулган К.Н. изделип жаткан. Анын үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты