Таласта төрөт үйүндө каза болгон келиндин өлүмү иликтенүүдө

  • 2 месяца мурун

Талас районундагы Каракойчу Токтогулов атындагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө каза тапкан 23 жаштагы келиндин өлүмү иликтенүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» окуя 3-январда болгонун билдирди. Милицияга келиндин жолдошу кайрылган.

Факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 146- (Медициналык же фармацевттик кызматкер кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) беренесинин экинчи бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

Каза болгон келиндин артында бир жаштан өткөн кызы калды.

Аталган ооруканадан билдиришкендей, окуя болгондон кийин төрөт бөлүмү убактылуу жабылып, фактыга тиешеси бар дарыгер жумуштан убактылуу четтетилген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон. Быйыл жыл башынан бери төрт факты катталды.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты