Таласта стадионду капиталдык оңдоодо кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы орун алгандыгы аныкталды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Талас шаарынын мэриясынын жана «Талас жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан шаардагы Э.Кутманалиев атындагы  стадионду капиталдык оңдоодон өткөрүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле подряддык уюм тарабынан келишимдин шарттарын аткарбоо фактыларын аныктады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, «Талас жашыл чарба» ишканасынын жооптуу кызматкерлери аталган стадионду капиталдык ремонттон өткөрүүдө мыйзамдарды бузуп, тендер өткөрбөстөн, подряддык уюм менен түз келишим түзгөн.

Жыйынтыгында подряддык уюмдун жооптуу кызматкерлери жана кызмат адамдары тарабынан келишимдин шарттары бузулуп, курулуш иштеринин сапаты талапка жооп бербегендигине карабастан, 25 миллион сом бөлүнгөн.

Муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иштин бардык жагдайларын жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты