Таласта муниципалдык ишкана экс-директору бюджет каражатын уурдоо фактысына шектелүүдө

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын  товардык-материалдык баалуулуктарын негизсиз эсептен чыгаруу жолу менен бюджеттик каражаттарды алып коюунун кылмыштуу схемасы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, ишкананын мурдагы жетекчиси Ж.К.Ж. тарабынан автотранспорттун тетиктерин, ошондой эле иштебей турган атайын техника үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу чаралары уюштурулган.

Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы тарабынан ишкананын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 6 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Аталган фактынын негизинде муниципалдык ишкананын мурдагы директору Ж.К.Ж. кармалып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кылмышкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат. 

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты