Таласта катуу шамал катталып, чатыр унааны басып калган

  • 4 месяца мурун

Кечээ, 10-январда, саат 19:01де Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырын шамал учурду. Чатырдын калдыгы короодогу унааны басып калгандыгы тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмүнө кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге үч куткаруучу барып, калдыктарды тазалашты.

Гидрометкызматынын Талас шаарындагы метостанциясынын маалыматы боюнча, шамлдык күчү секундуна 18 метрге жеткен.

Сүрөт: ӨКМ    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты