Таласта үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан өрт чыкты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 22-январда, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө дароо Бакай-Ата районунан күжүрмөн эсеп тартылып, өрт өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын 220 чарчы метр аянты күйгөн. Кырсыктан келтирилген чыгымдар такталууда. Жабыркагандар жок.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү