Таласта Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 50 орундуу бала бакча курулду

  • 2 года мурун

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Маймак айылында 50 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Бала бакча Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банк тарабанын каржыланган Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында курулду.

Бакчанын ачылышына президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Канимет Осмонбеков, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Шекербек Тургунов, АРИСтин облустук координатору Бакыт Абдыкадыров жана айыл тургундары катышты.

Мекеменин жалпы аянты 452,05 чарчы метрди түзөт. Бала бакча бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен жабдылган.

Объекттин жалпы наркы 18 млн 272миң 402 сомду түздү. Анын ичинен Дүйнөлүк банк 17 млн 600миң 340 сом бөлсө, айыл өкмөт тарабынан 672 миң 062 сом которулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты