Дүйнөлүк банк «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна $500 млн. бөлөт деп күтүлүүдө

  • 5 месяцев мурун

Дүйнөлүк банк «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга насыя берет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы өлкөнүн энергетикалык тармагына 74,9 миллиард сом бөлүнүп, жакынкы жылдары ири долбоорлор ишке ашырылат.

«Токтогул, Камбар-Ата-2 жана Үч-Коргон ГЭСтерин модернизациялоону аяктап, алардын кубаттуулугу көбөйөт. Казарман, Чаткал, Суусамыр, Көкөмерен, Сары-Жаз ГЭСтеринин каскаддары курулуп, Куланак ГЭСи ишке берилет. Дагы 30га жакын кичи ГЭСтер иштей баштайт» деди Жапаров.

Ал Дүйнөлүк банк «Камбар-Ата-1» ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштырууга 5 миллион доллар бөлүүгө макул болгонун, бул каржы мекемеси объектинин курулушуна да насыя берет деп күтүлүп жатканын кошумчалады.

«Кечээ Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия боюнча директору менен сүйлөштүм. Алар акыркы эки жылдан берки экономикадагы туруктуулукту, энергетика жана бюджет тармактарындагы реформаларды көрүп жатышат. «Камбар-Ата-1″ ГЭСинин курулушуна 10 жылдык жеңилдик мөөнөтү менен 50 жылга 500 миллион доллар насыя берилет деп күтүлүүдө. Бул пайызсыз насыя» деди Жапаров.

15-ноябрда Каржы министрлиги Дүйнөлүк банк менен «Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу үчүн техникалык жардам берүү тууралуу макулдашууга кол койгон.  Ага ылайык, азыркы техникалык-экономикалык негиздемени жаңыртуу жана кошумачаларды киргизүүгө 5 миллион доллар бөлүнөт.

«Камбар-Ата-1» ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания «Камбар-Ата-1» ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

Кыргыз бийлиги «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга болжол менен 2 миллиард 916 миллион доллар кетерин маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 миллиард долларга чейин жетет деп эсептешет.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты