АРИС «Клооп» басылмасына каршы арызын артка кайтарды

  • 1 год мурун

АРИС, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги, «Клооп» басылмасына каршы арызын артка кайтарды. “Клооптун” бөгөттөлүү коркунучу жоюлду. Бул тууралуу аталган басылма маалымдады.

Буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы «Клооп» басылмасынын редакциясына “АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты”  аттуу макаланы веб-сайттан өчүрүү талабы менен эки кат жолдогон. 

“Сайттын ээси тарабынан, көрсөтүлгөн мөөнөттө kloop.kg сайтындагы анык эмес маалыматты өчүрүү тууралуу чечим аткарылбаса, министрлик kloop.kg сайтынын ишин эки айга токтотуу тууралуу чечим кабыл алат” деп белгилеген катка министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кол койгон.

“Биз материалды өчүрбөйбүз. «Клооптогу» кайсы бир маалыматты өчүрүү тууралуу чечимди маданият министрлиги эмес, бир гана «Клооптун» редакциясы кабыл алат” деп билдирди редакция. Ошондой эле “Клооп” аталган материалдагы маалымат так экенин кошумчалады.  

“Kлооп” аталган макаласында Баткен облусуна курула турган социалдык объектилердин чыгымы тууралуу АРИСтин маалыматын жана ашыкча чыгымдар тууралуу айткан президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун сөздөрүн колдонгон. АРИСке макаланын темасына Орунбековдун аты-жөнү кошулганы жаккан эмес.

АРИС -(Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги) «Клоопко» кайрылганда журналисттер макаланын темасын өзгөртүп. бирок Орунбековдун аты-жөнүн алып салууну туура көргөн эмес.

Өткөн жылы 26-октябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган.  Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштей баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.

“Азаттык Медиа” бул материалдарда журналисттик стандарт сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан кийин Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

23-январда аталган министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты