Бир нече айылды жана Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду
- 2 года мурун
Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзамга ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталды.
Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Кайрагач айылы деп кайра аталды.
Талас облусунун Кара-Буура району Талас облусунун Айтматов району деп кайра аталды.
Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы деп айтыла баштайт.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 22-февралында кабыл алынган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.