Камбар-Ата-1 ГЭС долбоору: Дүйнөлүк банк менен кызматташуу талкууланды
- 1 год мурун
Вашингтондо Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Дүйнөлүк банктын өнүгүүнү каржылоо боюнча вице-президентинин Акихико Нишионун жолугушуусу болуп өттү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги аспектилери жана Дүйнөлүк банк менен мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Адылбек Касымалиев Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбооруна токтолду, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун ачкычы гана болбостон, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин белгиледи
“Биз Камбар-Ата ГЭС-1 энергетикалык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү жаатындагы региондук биригүүнүн негизи болуп каларына бекем ишенебиз” деди Адылбек Касымалиев.
Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын вице-президенти Акихико Нишио Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун регионалдык интеграция үчүн маанисин белгилеп, долбоор Борбор Азиядагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана аймактарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенине да токтолду.
Акихико Нишио ошондой эле Кыргызстандын бюджеттик системаны реформалоо боюнча аракеттерин жогору баалап, туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү үчүн бул реформаларды улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Сүрөт: gov.kg




