Талас шаарында катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учурду
- 3 недели мурун
Бүгүн, 22-майда, саат 18:10 чамасында Талас шаарында катуу шамал болуп, анын кесепетинен көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары жабыркады.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Турак үйлөрдүн үстүңкү бөлүгүнүн темир жана башка конструкциялар менен жабылган чатырларын учуруп кеткен. Аны менен катарлаш көп кабаттуу үйлөргө тартылган электр чубалгылары да жабыркаган.
Жерине өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери барып, тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү