Талас облусунун өкүлдөрү Кадыр Кошалиевди курултай төрагалыгынан бошотууну сунуштады  

  • 11 месяцев мурун

Биринчи элдик курултайдын Талас облусунан шайланган өкүлдөрү Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен интервюсу боюнча Кайрылуу кабыл алды.

Кайрылууда биринчи курултайдын Талас облусу боюнча делегаттары Кадыр Кошалиевди Элдик курултайдын төрагалыгынан бошотуу маселесин көтөрдү.

Бул тууралуу Биринчи курултайдын Талас облусунун Манас районунан делегат Замирбек Көчөрбаев билдирди.

Талас облусунун өкүлдөрү Кадыр Кошалиевди курултай төрагалыгынан бошотууну сунуштады  

15-майда УТРКнын кызматкери Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын бозгундагы президенти Курманбек Бакиевден алган маеги “Акыркы кабарлар – Санжар Калматай” жана “Компромат КГ” Ютуб-каналдарында жарыяланган. 

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты