УТРК: «Кадыр Кошалиев Бакиевден жетекчилик менен макулдашпастан маек алган»

  • 12 месяцев мурун

Улуттук телерадио корпорациясынын продюсери Алмаз Касымалиев аталган мекеменин кызматкери Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын бозгундагы президенти Курманбек Бакиевден алган маеги боюнча комментарий берди. 

Касымалиев Кадыр Кошалиев сөз болуп жаткан маекти ушул жылдын февраль айында УТРКда келишимдик негизде иштеп жүргөндө алганын айтты. Анын айтымында, журналист Курманбек Бакиевден маек алуу үчүн жетекчилик менен макулдашкан эмес. 

Улуттук биринчи каналдын” ичинде Кадыр Кошалиев жасаган “Кыргыз ааламы” деген көрсөтүү бар. Кечээ ушул маселе (ред. Курманбек Бакиевдин маеги) боюнча тактоо иштери жүргүзүлдү. Биз бул кишиге ошол программанын алкагында Курманбек Бакиевден барып маек алып келиңиз деген тапшырма берген эмеспиз. Бул киши февраль айында “Орусияга барып, чет жердеги кыргыздардын абалы, турмушу жөнүндө программа даярдап келет элем” деген. Биз жетекчилик менен макулдашып уруксат бергенбиз. Ал убакта Кадыр Кошалиев УТРКда келишимдик негизде иштеп жаткан. Орусияга барып келгенден кийин “кыргыздар жөнүндө эки программа тартып келдим, андан сырткары маек алдым” деди. Маек тууралуу мени менен макулдашпагандыктан ошол убактагы жетекчиликтен “сиз менен макулдашкан эмес беле?” деп сурадым. Ал жетекчилик менен дагы макулдашпаганы белгилүү болду. “Эмне үчүн макулдашылбаган маекти тартып келдиңиз?” деп сурадык. Ал бул маекти эфирге бергим келет деген позициясын айтты. Бул биздин коомчулук үчүн опурталдуу маселе. “Улуттук биринчи канал” коомго мындай нерсени чыгарууда өтө кылдат мамиле кылат. Мен эфирге чыгарууга каршы болгом. Муну эфирге сунуштаган дагы эмеспиз”, — деди Касымалиев. 

Ал Кошалиев Бакиевдин маегин монтаждаганда “Кыргыз ааламы” көрсөтүүсүнүн киришүү бөлүгүн кошуп койгонун айтып, бул үчүн ага эскертүү берилгенин кошумчалады.  

Алмаз Касымалиев Кадыр Кошалиевдин иш сапарын УТРК каржылабаганын белгиледи. 

Ал биздин каржы менен эмес, Орусиядагы кыргыздардын чакыруусу менен барды. Кошалиев өзүнүн чыгымы менен ошол жактагы кыргыздарга жолугам деп кат менен кайрылган”, — деди ал.

Ошону менен катар эле Касымалиев “Кыргыз ааламы”  көрсөтүүсүнүн алкагында бир дагы жолу саясий тема чыкпаганын айтты. 

Бул көрсөтүү мындай маектерге эсептелген эмес. Улуттук маселелерге тиешелүү болгон темаларга байланыштуу чыга турган көрсөтүү. Бир да жолу саясий тема чыккан эмес”, — деди Касымалиев.

Анын айтымында, Кадыр Кошалиев ушул жылдын апрелинен тарта штатка кирген.

Белгилей кетсек, 15-майда УТРКнын кызматкери Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын бозгундагы президенти Курманбек Бакиевден алган маеги “Акыркы кабарлар – Санжар Калматай” жана “Компромат КГ” Ютуб-каналдарында жарыяланган. 

“ПолитКлиника” медиасы аталган маек УТРКга караштуу “Маданият, тарых, тил” телеканалында жарыяланып жүргөн “Кыргыз ааламы” берүүсүнүн форматында жасалганын аныктаган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты