Талас: Үгүт ишине аралашты делген айыл өкмөт башчысы кызматтан алынды

  • 2 года мурун

Талас районундагы Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Молдокулов үгүт иштерине аралашканы үчүн кызматтан алынды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Талас районунун акими Нургазы Нармырзаевдин маалыматына таянып жазды.

«11-ноябрда мага маалымат келген. Айыл өкмөт башчыны чакырып өзүнө көрсөттүм. Ал ошол жерде болгонун, бирок кокустан кошулуп калганын айтты. Бирок мен президенттин талаптарын аткаруу боюнча бир нече ирет бардык кызматкерлерге эскертүү бергем. Ошонун негизинде жумуштан бошоттум», — деп билдирген Нармырзаев.

10-ноябрда Үч-Эмчек айылындагы маданият үйүнүн алдында №20 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эмил Абдыкадыров шайлоочулар менен жолугушуу өткөргөн. Социалдык тармактарда тараган видеодо ал жерде Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Молдокулов дагы жүргөнү маалым болгон. Окуя боюнча Бактыбек Молдокулов өзү мындай деди:

«Бүгүн кызматтан кеттим. Аким буйрук чыгарды. Айыл өкмөт менен маданият үйү бир имаратта жайгашкан. Мен жумуштан чыгып жатсам, ак сакалдар бата берип жатышыптыр. Ошол бата берип жаткан жерден видеого тартып алышыптыр”.

Ички иштер министрлиги кээ бир аймактарда административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, териштирилип жатканын билдирди. Министрлик кырдаалды туруксуздаштырууга жол берилбестигин жана тартип бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертүүдө.

ИИМ шайлоо эрежесин бузуу боюнча жалпы 73 фактыны каттаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты