Талантбек Кушчубеков Словениядагы элчилик кызматты да аркалайт

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын Венгриядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талантбек Кушчубеков Будапешт шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Словениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талантбек Кушчубеков 2021-жылы Кыргызстандын Венгриядагы элчиси болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты