Талант Мамытов парламенттеги “Мекенчил” тобунун, Дастан Жумабеков “Ата-журт” тобунун лидери болду

  • 4 месяца мурун

Талант Мамытов парламенттеги “Мекенчил” тобунун, Дастанбек Жумабеков “Ата журт” тобунун лидери болду.

Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

“Ата журт” парламенттик тобунан Нурлан Азыгалиев өз каалоосу менен лидерликти тапшырып берди. Бир добуштан Дастанбек Жумабеков лидер болуп шайланды. Парламенттик топтун курамы өзгөргөн жок.

“Мекенчил” парламенттик тобунун лидери Кундузбек Сулайманов өз каалоосу менен башчылыкты өткөрүп бергенин билдирди. Талант Мамытов депутаттык топтун башчысы болуп бир добуштан шайланганы айтылды.

18-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында №13 округдан шайланып келген Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова ант берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2026-жылы 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча №13 округ боюнча арызды карап, аталган округда 2025-жылдын 3-декабрындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин артка кайтаруу чечимин кабыл алды.

Ошону менен бул участокто кайра шайлоо болбой калды. №13 округдагы шайлоо өттү деп эсептелип, Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова жеңүүчү болуп табылды.

Сүрөттө: Талант Мамытов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты