Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэрисы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт.

Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы бөлүгү оңдоо иштерине, суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда жабылган.

Мындан тышкары, аталган тилкеде эски асфальт катмарын алуу, кеңейтүү, бордюрларды жаңылоо, асфальт катмарын жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты